Президент коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага салынган мектепти көрдү

Өлкө башчысы Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушун көрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Ош шаарында коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка жаңы мектеп салынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында калаадагы Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушун көргөн.

Жаңы имарат коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында түшкөн каражатка салынууда. 500 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу кабинети, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар. Мектепти ушул жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Жаңы окуу жылында үч мектеп колдонууга берилет. Тизме

Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашууда жаңы курулуштар боюнча долбоор мектептердеги класстардын жетишсиздигин чечүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

"Көп каражат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалды. Бирок маанилүү болгон долбоорлорду, анын ичинде жаңы мектептерди курууну жана авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнү каржылоо эч нерсеге карабастан улантылат", — деди Жээнбеков.

Нарын: резонанс жараткан контейнер мектептин ордуна жаңы имарат курулуп жатат

Эске салсак, 2018-жылы июнь айында экономикалык жана кызматтык кылмыштар тууралуу кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндарды кайра кайтаруудан түшкөн акча каражатын каттоого алуу жана багыттоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. 2019-жылы андагы каражат менен жалпы 15 мектепти жана Ош, Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы жалпы билим берүүчү мекемелеринин кошумча корпустарын курууга 800 миллион сом бөлүнгөн.