700гө чукул мектеп жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

Министрлик тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Өлкөдө 693 мектеп кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырылып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мектептер буга чейин демөөрчүлөр, жергиликтүү бийликтин жардамы менен түрдүү провайдерлер жана түрдүү жолдор аркылуу интернетке туташтырылгандыктан, айрымдарында ылдамдык начар болсо, кээ бирлеринде абоненттик төлөм көйгөйү болгон.

Боронов: окуу башталганда айылдарда интернет жок деген маселе болбосун

Министрлик тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Калгандарын дүйнөлүк желеге кайра кошуу иштери жүрүүдө.

Кыргызстандагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташканын Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылы билдирген болчу.