Бишкек: 10 көчөнүн жолу оңдолуп бүтүп, учурда дагы бешөөнө асфальт төшөлүүдө

Мэрия автоунаа жолун, веложол жана тротуарларды оңдоо маселеси боюнча "Бишкек асфальт сервис" ишканасына кайрылууга чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы азыркы тапта борбор калаанын бир нече көчөсүнүн жолу оңдолуп жатканын кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Пушкин көчөсүнүн Павловдон Бейшеналиевага чейинки бөлүгү, Бобулов көчөсүнүн Чүй проспектинен Пушкинге чейинки, Үсөнбаев көчөсүнүн Бөкөнбаевден Токтогулга чейинки, Ибраимов көчөсүнүн Жибек Жолунан Күрөңкеевге чейинки, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Токомбаевден Сухэ-Баторго чейинки бөлүгү оңдолуп жатат. Жалпысынан 2,8 чакырым жолго жаңыдан асфальт төшөлөт.

Бишкекте жол куруу боюнча тендерди кытайлык компания утуп алды. Тизмеде 60 көчө бар

Ал эми Беларусь, Осмонов, Аэропорт, Муса Жалил, Аул, Көкчетау, Түлөбердиев, Тыныстанов, Ашхабад жана Краснодон көчөлөрүнүн жолу капиталдык оңдоодон өтүп бүткөнү айтылат. Алардын жалпы узундугу 5 чакырымды түзгөн.

Ошондой эле мэрия шаардыктарды автоунаа жолун, веложол жана тротуарларды оңдоо маселеси боюнча "Бишкек асфальт сервис" ишканасына кайрылууга чакырат. Телефон номери: 0555 888 161.