Смартфон адамдын эске сактоо жөндөмдүүлүгүнө кандайча таасир берери айтылды

Адистин белгилешинче, смартфондун адамдын организмине тийгизген терс таасиринин бир фактору — эс тутумдун төмөндөшү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Мобилдик телефондорду, смартфондорду колдонуу адамдын эс тутумуна тескери таасир тийгизип, окуяларды жана маалыматтарды эстөөнү начарлатат. Мындай пикирди россиялык терапевт-дарыгер Олеся Набокова билдиргенин РИА Новости жазды.

Смартфондун адамдын организмине тийгизген терс таасиринин бир фактору — бул эс тутумдун төмөндөшү.

"Телефонго сүрөткө тартуу, уюлдук каражатта иштөө, навигацияны пайдалануу жана көп убакыт интернеттен маалыматтарды кароо эске тутууда көйгөй жаратат. Чакан изилдөөлөрдүн жүрүшүндө, интернет чектелген учурга караганда, маалыматты эркин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурда биздин фактыларды эске сактап калуубуз бир кыйла начар болору аныкталды", — деп түшүндүрөт дарыгер.

Жаштыкты узартууга эмне жардам берет? Адистин сунушу

Изилдөөлөрдө аныкталгандай, уюлдук телефондорду жана смартфондорду активдүү колдонгон балдардын жарык жана чыккан үнгө реакциясы жайыраак болуп, жазууда каталары көбөйүп, иштөө көрсөткүчтөрү төмөндөйт.