Өкмөт кафе-ресторандарга рейддерди күчөтүүнү талап кылды

Буга чейин борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар жайлар жабылган. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларында рейддерди күчөтүү керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында вице-премьер Алмазбек Баатырбеков билдирди.

"Көп киши катышкан майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө, түнкү клубдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Бирок тойканаларда үй-бүлөлүк мааракелер өтүп жатат. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көзөмөлдү катуулатышы шарт", — деди Баатырбеков.

Буга чейин борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар жайлар жабылган эле. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт.

Ошондой эле өлкөнүн айрым облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча  маселелер талкууланды.