Дүйүм тамак, ыр, бий... Борбор азиялыктар Москва күнүн белгилешти

Санитардык чектөөлөрдөн улам бул жылы майрам мурдагыдан тынч өттү. Бирок ачык асман алдында "Көп улуттуу Москва: Борбор Азия элдеринин маданият күнү" иш-чарасы уюштурулду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Москва шаарындагы Борбор Азиянын өкүлдөрү калаанын күнү менен куттуктап, салтанат уюштурду.

Борбор калаанын күнүн майрамдоонун алкагында "Көп улуттуу Москва: Борбор Азия элдеринин маданият күнү" фестивалы өттү.

Борбор азиялыктар майрамды кандай белгилегенин Sputnik кабарчысы Лев Рыжков баяндап берди.

Санитардык чектөөлөрдөн улам бул жылы майрам мурдагылардан тынч өттү. Бирок ачык асман алдында "Көп улуттуу Москва: Борбор Азия элдеринин маданият күнү" иш-чарасы уюштурулду.

Дүйүм тамак, ыр, бий... Борбор азиялыктар Москва күнүн белгилешти

Бул үчүн спорт аянты ижарага алынып, ал жерге Борбор Азия элдеринин улуттук ашканасынан чыккан дүйүм тамактар коюлду. Жанында чоң казан асылып, өзбек палоосу басылды. Аны каалоочулардын бардыгы ооз тийди. Салтанатка балдарын ээрчите келген Москва тургундары дагы сыйлуу конок болушту.

РФ, КР жана Арменияга COVID менен оорубагандар үчүн чек араны ачуу сунушталды

Фестивалды кыргызстандыктардын "Мекеним Ала-Тоо" коомдук уюму, Тажик маданият борбору, Түркмөн маданий коому жана Өзбектер менен өзбекстандыктардын бүткүл россиялык конгресси уюштурду.

Дүйүм тамак, ыр, бий... Борбор азиялыктар Москва күнүн белгилешти

Иш-чарага маданият өкүлдөрү дагы катышты. Ошондой эле Борбор Азиядан чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Салтанатка катышкан Тажикстандын Россиядагы элчиси Имомуддин Сатторов бул майрам Москвада жашаган Борбор Азия элдеринин башын бириктирип жатканына токтолду.

"Москва дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири. Ага жетишине шаарда жашап жаткан ар бир улуттун салымы бар. Мындай майрамдар Москванын эң чоң аянттарында өтүшү керек. Анткени Москва экинчи үйүндөй болуп калган башка жарандар дагы мындай майрамга келгиси келеринде шек жок", — деди тажик элчиси.

Сатторовдун расмий маалыматтарга таянып айтканына караганда, Москвада 163 улуттун өкүлү жашайт. Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү уюштурган бул салтанатка алардын бардыгы келсе, басарга жер калбасын кошумчалады.

Пандемияда ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине кантип колдоо көрсөтүп жатканы айтылды

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң концерт башталды. Артисттер сахнада өнөрлөрүн тартуулап, бир учурда коноктор өздөрү бийлей баштады.

Москва күнү — жыл сайын сентябрь айынын биринчи дем алыштарында майрамдалат.