Коронавирустан көз жумган 18 медиктин жакындарына 1 млн. сомдон берилди

Министрдин орун басары бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагында иштеген жети кызматкерге 200 миң сомдон компенсация төлөнүп берилгенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан каза болгон 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссия алардын коронавирусту жумуш учурунда жуктуруп алып, каза болгонун аныктаган. Учурда дагы 34 учур каралып жатат.

Үсөнбаевдин айтымында, кызмат учурунда коронавирусту жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон компенсация каралган. Буга байланыштуу өлкөнүн ар кайсы аймагынан арыздар келип түшүүдө. Алар:

  • Ош облусунан — 113 документ;
  • Талас облусунан — 33;
  • Чүй облусунан — 337;
  • Баткен облусунан — 25;
  • Нарын облусунан — 35;
  • Ысык-Көл облусунан — 48;
  • Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан 14 документ келип түшкөн.
"Муну менен бирге Бишкектеги санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жатат", — деди Үсөнбаев.

КР медиктерине төлөнчү компенсация тууралуу кызыктуу үч жагдай. Талдоо

Ал бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагында иштеген жети кызматкерге 200 миң сомдон компенсация төлөнүп берилгенин кошумчалады.