БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, вирустан каза болгон адам Баткен облусунда дарыланып жаткан.
Коронавирус жуктургандар, андан айыккандар. Өлкөдөгү статистика
Жалпысынан алганда өлкөдө коронавирус 44 227 адамдан табылса, анын 39 426сы ооруну жеңген. Тилекке каршы, илдет 1061 адамдын өмүрүн алды.