Мандат алган 7 депутат парламентте ант берип, кызматына киришти

Төрага Дастанбак Жумабеков жалпы парламенттин атынан аларды эл өкүлү болушу менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеӊешке жаӊыдан депутат болуп келген жети депутат ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеште ыйгарым укуктары токтотулган эл өкүлдөрүнүн ордуна Сталбек Молдалиев, Нурлан Сырдыбаев, Осмон Турдумамбетов, Мээримбек Койчуманов, Уланбек Исмаилов, Улугбек Садиков жана Байгазы Кенжебаев депутат болушту.

Ант берген жаңы депутат колун Конституцияга коюуну унутуп калды. Видео

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы парламенттин атынан аларды куттуктап, эл өкүлчүлүк ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.