Бишкектин жаңы вице-мэри шайланды

Жаңы жетекчи муниципалитетте 10 жылга жакын эмгектенген. Акыркы жылы "Бишкек свет" ишканасын жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Алимбек Абдылдаев Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча мэринин орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын жаңы кызматка дайындалышы боюнча буйрукка шаар башчысы Азиз Суракматов кол койгон.

Абдылдаев буга чейин "Бишкек свет" муниципалдык ишканасын жетектеп келген.

Министр, элчилердин шайлоо өнөктүгүнө аралашканы мыйзамдуубу? БШК жооп берди

Ал эми мурдагы вице-мэр Мирлан Амантуров парламенттик шайлоого катышуу үчүн иштен бошонууга арызын берген.

Абдылдаев муниципалитетте 10 жылга жакын эмгектенип келет. "Бишкек жылуулук энерго" ишканасында 10 жыл инженер болуп иштеп, кийин жетектеп калган. Ал эми "Бишкек светти" бир жылдай башкарган.