Караколго келип убара болбойт. Көлдүн райондорунда "Бирдиктүү терезе" ачылды

Эми тургундар тийиштүү иш кагаздарын алуу үчүн облустун борбору Каракол шаарына келип, убарагерчилик тартышпайт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында (ОИИБ) "Бирдиктүү терезе" аталышындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча борборлору ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Облус тургундарынын арасында коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө жана карантиндик режимди сактоо максатында Тоӊ, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жана Балыкчы шаардык милициясынын базаларында "Бирдиктүү терезе" принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча борборлору ачылды.

Эми аталган аймактардын тургундары тийиштүү иш кагаздарын алуу үчүн мурдагыдай облустун борбору Каракол шаарына келип, убарагерчилик тартышпайт.

Базар-Коргон милициясы ата-энеси кырсыктап көз жумган 7 бир тууганга жардам берди

"Бирдиктүү терезе" борборунда адамдын соттолгон-соттолбогону боюнча маалым каттарды, кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын, жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензия, уруксат кагаздары тапшырылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан кошумчалагандай, "Бирдиктүү терезе" принциби киргизилгенден баштап зарыл документтерди чогултуу үчүн убакыт үнөмдөлөт. Справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу жөнүндө маалым кат 10 жумуш күнүндө акысыз берилет.