Радио

Экономист акчаны туура бөлүштүрүүнүн үч жолун айтып берди

Нургүл Акимова үй-бүлөлүк бюджетти туура бөлүштүрүүдөн адамдын келечеги көз каранды экендигин айтып, үч кеңеш берди.
Sputnik
Экономист акчаны туура бөлүштүрүүнүн үч жолун айтып берди

Пандемия адамдардагы баалуулуктарды өзгөрттү. Ошентсе да үй-бүлөлүк бюджетти туура бөлүштүрүү үчүн айрым эрежелерди колдонуу зарыл. Мисалы, керексиз сатып алууларды токтотуу керек. Өзгөчө адам дүрбөлөңгө түшүп, тынчсызданып турганда "керек болуп калат" деген ой менен соода кыла берет. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

Анын айтымында, ЖМКлардагы дүйнөлүк кризис тууралуу маалыматтар да адамдарды дүрбөлөңгө салат. Чынында мындай окуялар катардагы үй-бүлөлөрдүн капчыгына эч кандай деле таасирин тийгизбейт.

"Ар бир адам өз үй-бүлөсүнүн инвестору. Андыктан бюджетин түзүп жатканда өзүнө "эртеңки күнү акчам жок калса, эмне кыла алам", "иштетилбей жаткан кандай активдерим бар" деген эки суроону бериши керек. Бул эки суроого жооп табуу менен ал өз бюджетинин келечегине кепилдик бере алат. Экинчиден, адам бир кесипке же өнөргө ээ болуу менен эле чектелгени туура эмес. Улам билимин арттырып, өнөр үйрөнүүсүн токтотпош керек. Бул дагы пандемия сыяктуу дүйнөлүк же мамлекеттик деңгээлде өзгөрүү болгондо экономикалык кризиске туш келбей, чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле көп учурда эл ЖМКларда айтылган дүйнөлүк кризистерди жүрөккө жакын кабыл алып, чочуркашат. Иш жүзүндө бул катардагы үй-бүлөлөрдүн бюджетине эч кандай деле таасирин тийгизбейт", — деди Акимова.

Экономист жалданып иштеген кызматкерлер бир булактан акча табууга көнбөй, ар дайым каражат алып келүүчү идеяларын ишке ашырууга далалаттанып туруусу керектигин кошумчалады.