БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Коронавирусту кайталап жугузуп алуу боюнча тастыкталган бир учур катталды. Бул тууралуу РФтеги Гамалея атындагы илимий борбордун башкы адиси Федор Лисицынге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Ушул тапта ооруну кайра илештирип алган бир учур клиникалык жактан тастыкталды. Биринчи жугузуу менен экинчи жугузуунун ортосунан 148 күн өткөн", — деди Лисицын.
Дал ушул сыяктуу дагы бир учур Тувада шектелип жатат, бирок ал боюнча медиктер акыркы бүтүмүн чыгара элек.
Коронавирус да жашасам дейт. COVID-19дун айтыла элек "сырлары" тууралуу маек
Белгилей кетсек, буга чейин окумуштуулар коронавирустун экинчи толкуну болорун божомолдоп келишкен. Бирок жакында эле Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев бул вирустун үчүнчү дагы толкуну болушу мүмкүн деген оюн айтты.