Адис: жаңгак сиңимдүү болушу үчүн үч эрежени сактоо керек

Нутрициологдун айтымында, жаңгак менен данектеги фитин кислотасы ичеги-карында микроэлементтердин сиңишине тоскоол болот.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ден соолукка жаңгактан көбүрөөк пайда алуу үчүн аны колдонор алдында бир нече эрежени эске алуу керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна нутрициолог Татьяна Скирда айтып берген.

Адис жаңгак белокко жана пайдалуу делген майларга бай экенин белгилеп, бирок аны баштыктан алып кургак жебестен, активдештирген оң экенин кошумчалаган.

"Бардык жаңгак менен данекте фитин кислотасы болот. Ал ичеги-карынга барганда темир, магний, кальций, цинктин, деги эле бардык микроэлементтердин сиңишине тоскоолдук жаратат. Ушундан улам сиңимдүүлүк 30-40 пайызга төмөндөйт", — деген диетолог.

Адис фитин кислотасын жок кылып, жаңгакты акивдештирүүнүн үч жолун атаган.

Кубат алат. Мээнин жакшы көргөн 5 азыгы айтылды

"Биринчиден жаңгакты температуралык иштетүүдөн өткөрүү керек. Бирок анда май көп болгондуктан өтө ысыткан дагы болбойт. Экинчиси — атайын аралаштырмада ачытып (ферменттөө) да жүрүшөт. Ошондой эле эң жөнөкөй жана кеңири таралган жолу — чылап коюу. Жаңгакты түнү бою же күндүз 5-6 саатка сууга чылап, андан кийин бир чайкап салып жей берсеңиз болот. Үч вариант тең жаңгакты жакшы сиңирүүгө жардам берет", — деген Скирда.

Нутрициолог кошумчалагандай, жаңгактан тышкары буурчактын түрлөрү менен дан эгиндерин дагы активдештирип колдонуу зарыл.