"Мамлекеттик органдар кайдыгер". Бизнес-омбудсмен Бороновго даттанды

Жолугушууда Бизнес-омбудсмен институтун күчтөндүрүү жана керектүү мыйзамды иштеп чыгуу ортого салынган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бизнес-омбудсмен институту менен кызматташууга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар. Бул тууралуу бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугуп жатканда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы Боронов ишкерлик субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу тарап Орд-Смит менен талкуулагандыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер көтөрүлүп, Бизнес-омбудсмен институтун күчтөндүрүү, мындан аркы кадамдары жана керектүү мыйзамды иштеп чыгуу боюнча да сөз болгон.

Өкмөт бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Шарты

Орд-Смит өкмөт башчыга мамлекеттик органдардын ишкерлерге жасаган кайдыгер мамилеси тууралуу маалымдаган.

"Биз мамлекеттик органдар менен институттун өз ара иштешүүсү жогорку деңгээлде экенин байкоодобуз. Бирок, албетте, биздин сурамдарга кайдыгер мамиле жасаган жана кызматташууга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар. Ошол эле учурда институт мамлекеттик органдардын оппоненти эмес, ишкерлер үчүн маанилүү милдеттерди чечүүдө өнөктөш экенин айткым келет", — деп айткан бизнес-омбудсмен.

Мындан сырткары, ал инвестициялык жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу максатында мыйзамды өркүндөтүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча өкмөт менен тыгыз иштешүүгө даярдыгын билдирген.