Беш тилде окуса болот. Баткенде 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду

Мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканага смартфон жана компьютер аркылуу интернети жок эле кире алат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Баткен облусундагы 22 орто мектепте "Илимбокс" (IlimBox) деп аталган санариптик китепкана орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Баткенде аталган китепкананын презентациясы өтүп, ага мектеп директорлору, райондук жана шаардык билим берүү борборлорунун кызматкерлери катышкан.

Боронов: окуу башталганда айылдарда интернет жок деген маселе болбосун

Китепканада беш тилдеги китептерди таап, интернети жок окуса болот. Мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу кире алат.

"Китепканадан англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөм өнөр жана программалоо боюнча видеолекцияларды англис тилинде көрүүгө болот. Ошондой эле 500дөй кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги китептер, педагогика, археология, мамлекеттик укук жана көркөм өнөр боюнча 300дөн ашык китеп камтылган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да бар экендиги кошумчаланды.