Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү

Sputnik

Көл-Суу (Көл-Тетири деп да аталат) — мөңгүлөрдөн чыккан көл. Суу сактагыч миңдеген жылдар мурда ири жер титирөөдөн улам жаралып, түндүк тарабында табигый дамба пайда болгон. Суу аска-зоолордун ортосундагы чоң жаракада кысылып тургандай элес калтырат. Узундугу 9-12 чакырымга созулса, туурасы 500 метрден 2 чакырымга жетет. Ал эми тереңдиги 5 метрден 10 метрге чейин деп эсептелинет.

Кыргызстандагы эң сырдуу көл. Окумуштууларды таңыркаткан жердин видеосу

Көл Нарын облусунун Аксай өрөөнүндөгү алыскы Какшаал-Тоо кырка тоосунда 3 514 метр бийиктикте жайгашкан. Кызыгы, Көл-Суу бир убакта "жоголуп" кетет, тагыраагы, суу тоо тектери аркылуу агып кетет. Кышында бул агын суу тоңуп, жайында көлгө суу кайрадан толот. Жергиликтүү тургундардын байкоолору боюнча, кыш алда канча жылуу болуп, кар аз жааса, жайкысын көлгө суу толбой калат.

Дагы бир өзгөчөлүгү — көлдүн түбү тунук болуп турганда жер астындагы үңкүрлөрдү көрүүгө мүмкүн. Суусунда балык жок болсо да, аймагында жапайы жаныбарлар, анын ичинде карышкыр, аюу, илбирс өңдүү жырткычтар жашайт.

Ошондой эле көл өңү менен да арбап турат. Күндүн тийишине карап түсүн ачык көгүш же жашыл кылып өзгөртүп турат.

Кел-Суу — Кыргызстандагы эң кооз тоо көлдөрүнүн бири деп саналып, соңку жылдары көп туристтерди тартып баштаганы байкалууда.

Тоо сууларынын керемети. Кыргызстандагы эң кооз 10 жер

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде Көл-Сууга баруу үчүн Бишкектеги Мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат кагаз алыш керек. Көл борбор калаадан 460 чакырым алыстыкта турат, ага Бишкек — Нарын — Торугарт жолу аркылуу жетүүгө болот. Андан кийин Кында ашуусу аркылуу Ак-Сай өрөөнүн табуу керек. Көл-Суу саздак жерде болгондуктан, коопсуздук үчүн жолтандабас же атайын унаа менен барган оң.

1 / 16
Көл-Суу Кыргызстандагы эң кооз тоо сууларынын бири болуп саналат
2 / 16
Айрым учурда ал Көл-Тетири деп дагы аталып жүрөт
3 / 16
Көл Нарын облусунун Аксай өрөөнүндөгү алыскы Какшаал-Тоо кырка тоосунда 3 514 метр бийиктикте жайгашкан.
4 / 16
Суунун узундугу 9-12 чакырымга созулса, туурасы 500 метрден 2 чакырымга чейин жетет. Ал эми тереңдиги 5 метрден 10 метрге чейин деп эсептелинет.
5 / 16
Суу сактагыч миңдеген жылдар мурда чоң жер титирөөдөн улам жаралып, түндүк тарабында табигый дамба пайда болгон.
6 / 16
Кызыгы Көл-Суу бир убакта "жоголуп" кетет, тагыраагы, суу тоо тектери аркылуу агып кетет.
7 / 16
Жергиликтүү тургундардын байкоолору боюнча, кыш алда канча жылуу болуп, кар аз жааса, жайкысын көлгө суу толбой калат.
8 / 16
Дагы бир өзгөчөлүгү — көлдүн түбү тунук болуп турганда жер астындагы үңкүрлөрдү көрүүгө мүмкүн.
9 / 16
Суусунда балык жок болсо да, аймагында жапайы жаныбарлар, анын ичинде карышкыр, аюу, илбирс өңдүү жырткычтар жашайт.
10 / 16
Ошондой эле көл өңү менен да арбап турат. Күндүн тийишине карап түсүн ачык көгүш же жашыл кылып өзгөртүп турат.
11 / 16
Кел-Суу — эң кооз тоо көлдөрүнүн бири деп саналып, соңку жылдары көп туристтерди тартып баштаганы байкалууда.
12 / 16
Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде Көл-Сууга баруу үчүн Бишкектеги Мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат кагаз алыш керек.
13 / 16
Көл борбор калаадан 460 чакырым алыстыкта турат, ага Бишкек — Нарын — Торугарт жолу аркылуу жетүүгө болот.
14 / 16
Көл-Суу саздак жерде болгондуктан, коопсуздук үчүн жолтандабас же атайын унаа менен барган оң
15 / 16
Азыркы керемет ирмемдерди фотограф Геннадий Закиров кармаган
16 / 16
Тоодо жайгашкан көлдөрдүн көбү жер титирөө менен мөңгүдөн улам пайда болгонун белгилей кетели