"Иванканы жеп койгон" Меланиянын көз карашы талкууга түштү. Видео

Президенттин кызы алдынан өтүп кеткенден кийинки Меланиянын өңү өзгөрө түшкөнү көпчүлүктүн көз жаздымында калган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Соцтармактын колдонуучулары АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын Республикалык партиянын улуттук жыйынындагы көз карашын талкуулап жатышат. Бул тууралуу Uproxx жазды.

Съезд кечээ өтүп, анда Дональд Трамп келе жаткан шайлоодо президенттикке талапкер болуп бекитилген. Ак үй алдына өлкө башчынын 38 жаштагы кызы Иванка да чыккан.

​Кадрлардан Мелания Иванканы жадырап-жайнап тосуп алып, мындайыраак баскандан кийин өңү бузула түшкөнү көрүнүп турат.

Муну байкаган көпчүлүк биринчи айымды сындап чыкты.

Колунда мандем барбы? Мелания Трамптын көйнөгү шылдыңга кабылды

"Иванканы көзү менен жеп койду", — деп жазган JakeReif аттуу колдонуучу.

"Өтө кызык", — деп кээси таң калганын жашырган эмес.

"Деги Мелания жек көрбөгөн киши барбы?" — деп суроо салган башкалар.

Окуянын видеосу тездик менен жайылып, 8,5 миллиондон ашуун ирет көрүлгөн.