БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирусту ооздуктоодо алдыңкы катарда турган бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков бүгүн, 27-августта, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме
Тогуз кызматкерге Даңк медалы ыйгарылат:
- Султан Жаманов — Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын начальниги, медицина кызматынын капитаны;
- Сапарбек Исаев — Түп райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун "Арал" үй-бүлөлүк врачтар тобунун клиникалык жетекчиси;
- Замирбек Мазаитов — ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын №13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, старшина;
- Сүйүнбек Ниязбеков — ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;
- Баатыр Полотов — Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын старостасы;
- Ольга Сиротина — ИИМдин медициналык башкармалыгынын терапевт-врачы;
- Жоомарт Токторалиев — Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын начальниги, медицина кызматынын подполковниги;
- Жылдызкан Торогелдиева — Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын врачы;
- Дамира Чарабаева — Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы врачы;
Ал эми "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" ардак наамы 21 дарыгерге берилет.
Жээнбеков жаңы паркка ыктыярчы Адинайдын ысымын ыйгарууну сунуштады
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен 60 адам сыйланат. Алардын арасында медиктер, күч түзүмдөрүндө, элчиликте иштегендер, социалдык кызматкерлер, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана журналисттер бар.
Сыйлык ыйгарыла турган кызматкерлердин толук тизмеси президенттин сайтына жарыяланды.