БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Россияда абада ар кандай вирустарды, анын ичинде коронавирусту аныктай алган прибор жасалды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Ага ылайык, жаңы табылганы С.А. Зверев атындагы Краснодар заводу "Армия-2020" форумунда көрсөткөн. Ишкананын башкы директору Александр Новиковдун айтымында, "Детектор-БИО" медико-биологиялык жабдуусу вирустарды гана аныктабастан, бактерия, токсиндерди кошо таба алат.
"Бул Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илим изилдөө борбору менен биргеликте иштелип чыкты. Мындай жабдуунун жардамы менен абадан анализ алууга 10 мүнөттөн жарым саатка чейин убакыт кетет", — деди Новиков.
Прибор мамлекеттик сыноодон июнь айында өтүп бүткөн. Анын сертификациясы даярдалып жаткандыктан, буюртма тууралуу айтуу эрте экени маалым болду.
Коронавирустун үчүнчү толкуну качан болушу мүмкүн. Окумуштуунун божомолу
"Бирок бизде даярдык жакшы. Зарылчылык жаралса, канча буюртма болсо ошончо чыгара алабыз. Эң маанилүүсү бул жабдуу абадагы ар кандай патогендерге реакция кыла алат. Мындан улам аны жарандык, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында да колдонсо болот", — деди завод жетекчиси.
"Детектор-БИО" жабдуусу бир эле учурда инфекциялык ооруларды козгогон 86 вирус жана бактерияны, ошондой эле айлана-чөйрөдөгү токсиндерди автоматтык режимде аныктай алат. Жабдууну массалык иш-чараларды өткөрүүдө, адам көп чогулган жерлерде, метро, аэропорт, темир жол бекеттеринде колдонсо болору кошумчаланды.