Көргөндөрдү чочутту. Казакстанда каршы тилкеге чыга калган айдоочунун видеосу

Караганданын Кайгуул полициясынын кызматкерлери автоунааны 31 жаштагы жигит айдап баратканын аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Нур-Султан — Караганда жолунда каршы тилкеге чыга калган айдоочу социалдык тармактын колдонуучуларын чочутту. Sputnik Казакстан агенттиги кабарлагандай, эми ал айдоочулук укуктан алты айга ажыратылат. 

Окуянын видеосу Instagram баракчасына жарыяланган.

Видеону Караганда облусунун полиция департаментинин маалымат кызматы карап чыккан. Кайгуул полициясынын кызматкерлери автоунааны 31 жаштагы жигит айдап баратканын аныктаган. 

"Жол эрежесин бузган айдоочуга Административдик мыйзам бузуу кодексинин 596-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн. Материалдын баары административдик сотко жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жол эрежесин бузган адам алты айга айдоочулук укуктан ажырай турганын билдиришкен.