Министр Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду

Кочкоров кызматтан шайлоонун жыйынтыгы чыккыча четтетилди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Кочкоров "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 21-беренеси боюнча ишин токтоткон.

Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди

Ал кызматтан шайлоонун жыйынтыгы чыккыча четтетилгени айтылды.

Белгилей кетсек, өкмөт башчынын дагы бир чечими менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбектин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулган.