Кыргызстан "Танк биатлонуна" катышты. Видео

25-августтан тарта кыргызстандык аскерлер танк биатлонуна катышып келет. Алар Казакстан, Россия жана Өзбекстан командалары менен бир топко кирген.
Sputnik

Кыргызстандыктар кургактагы аскерлердин үч экипажы менен барган. Генералдык штабдан механик-айдоочулар, бутаны мээлегендер жана командирлер тыкыр текшерүүдөн өтүп, COVID-19га тест тапшырган.

РФте 150 миң аскер катышкан машыгуу өтүүдө. Сентябрга даярдык

Беттешке катышуу үчүн кыргызстандык танкачылар Россияга 3-августта келген. Мекендештер жашыл желек менен чыгат.
Алардын кийинки беттеши 26-27-августта болору күтүлүүдө.

Мелдеш эки этап менен өтөт: бардык командалар катышкан жеке жарыш, бир танкада үч экипаж отурган жарыш жана финалдык эстафета.
Танк биатлону боюнча АрМИ мелдеши — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Ага ондогон өлкөнүн аскерлери катышат.
Былтыр Россиянын, Ирандын жана Армениянын командаларынан барган өз тайпасында Кыргызстан экинчи орунду алган. Кыргызстан бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда.