Зиядин Жамалдинов депутаттык мандатынан ажыратылды

Жамалдинов 2015-жылы "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштын депутаты болуп шайланган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновду депутаттык мандатынан ажыратты. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

БШК мындай чечимди бүгүнкү жыйында кабыл алган. Буга Жамалдиновдун өз ыктыяры менен жазган арызы себеп болгону айтылат.

Министр, элчилердин шайлоо өнөктүгүнө аралашканы мыйзамдуубу? БШК жооп берди

Зиядин Жамалдинов 2015-жылы "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштын депутаты болуп шайланган болчу.