БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Республикалык партия Дональд Трамптын талапкерлигин экинчи президенттик мөөнөткө расмий түрдө көрсөттү. Добуш берүү түз эфирде өткөнүн РИА Новости жазды.
Мамлекет башчы талапкерлигин көрсөтүү үчүн зарыл болгон 1276 делегаттын добушун чогулта алган.
"Бул процедура формалдуу болуп саналат. Анткени Трамп буга чейин олуттуу атаандаштык жок кезде партиянын ички шайлоолорунун бардыгын жеңип чыгып, курултайда 2,4 миң добушка ээ болгон. Ага бир эле добуш жетпей калган", — деп айтылат маалыматта.
Трамп өткөн жылы кантип канча киреше тапканын ММКлар айтып чыкты
Анын атаандашы демократ Жо Байден болмокчу.