Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди

Өкмөт башчынын дагы бир чечими менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов убактылуу кызматтан кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев менен вице-премьер Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди

Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. Анын дагы бир чечими менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов убактылуу кызматтан кетти.

Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди

Министр, элчилердин шайлоо өнөктүгүнө аралашканы мыйзамдуубу? БШК жооп берди

Маалыматка ылайык, бийлик адамдары "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 21-беренеси боюнча, кызматтык милдетин аткаруусу токтотулган.

Аталгандар кызматтан шайлоонун жыйынтыгы чыккыча четтетилгени айтылды.