Шашылыш билдирүү! Апта ортосунда күн сууктайт

Чүй жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда күн өзгөчө сууктап, нөлдөн төмөн түшкөн учурлар дагы болот.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. 26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

27-августта күндүз жана 28-августта түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8 градуска чейин түшөт.

Жайдын акыркы жумасы жаанчыл болобу? Бир аптага карата аба ырайы

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.