Жер планетасына дагы бир астероид жакындап келе жатат

Астероиддин планетанын атмосферасына кирүү ыктымалдуулугу 240тан бир гана мүмкүнчүлүктү же 0,41 пайызды түзөрү айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. 2018 VP1 астероиди ушул жылдын 2-ноябрында Жерге жакын аралыкка келет. Бул тууралуу НАСА уюмуна караштуу сайт жазганын РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018 VP1 астероиди 2-ноябрда Бишкек убактысы боюнча болжол менен 21:33тө Жер планетасынан 284 миң чакырым аралыктан учуп өтөт.

Футбол талаасындай астероид Жерге урунбай, кайып өтүп кетти

НАСА белгилегендей, астероиддин планетанын атмосферасына кирүү ыктымалдуулугу 240тан бир гана мүмкүнчүлүктү же 0,41 пайызды түзөт.

Астероид 2018-жылдын 3-ноябрында ачылган. Ал Жердин орбитасы менен кесилишкен "Аполлондор" тобуна кирет.