Аламүдүн суусуна агып кеткен кыз 7 күндөн бери изделүүдө. Жеринен сүрөттөр

"Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды учурда 33 куткаруучу издеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда сууга агып кеткен кыз бир жумадан бери табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдап, издөө учурунан тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Белгилей кетсек, 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Жерине куткаруучулар тартылганы менен бир жумадан бери натыйжа болбой жатат.

ӨКМ бүгүн да издөө иштерин улантуу максатында саат 07:00дө 33 куткаруучу ишин баштаганын кабарлады.