Карантин учурунда кайсы аймактын эли көбүрөөк микрокредит алды

Чакан кредитти эң көп Ош облусунда алышты. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад облусу жана Бишкек шаары турат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Быйылкы жылдын жарым жылдыгында микрокредит алгандардын саны 30 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

"Январь-июнь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 382 миң адамга 16 миллиард сом насыя берилген. Бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу алганда 30 пайызга, каражаттын көлөмү 17,3 пайызга көбөйдү дегенди билдирет", — деп айтылат билдирүүдө.

Чакан кредитти эң көп Ош облусунда алышты (микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,7 пайызы). Андан соң Жалал-Абад облусу (15,9 пайыз), Бишкек шаары (14 пайыз) жана Чүй облусу (12,8 пайыз) турат.

Өкмөт бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Шарты

Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 34,9 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (25,8 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (10,4 пайыз) чыкты.