Радио

Шамырканов: аймактарда куткаруучулардын жабдуусу жетишсиз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Шамырканов республика боюнча 118 суучул-куткаруучу бар экендигин айтты.
Sputnik
Шамырканов: аймактарда куткаруучулардын жабдуусу жетишсиз

Аймактагы суучул-куткаруучуларга керектелүүчү жабдуулар, денеге суу өткөрбөөчү костюмдар жетишсиз. Бул боюнча Урмат Шамырканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суучулдарга керектелүүчү буюмдар кымбат баада болгондуктан баарын бир учурда сатып алууга казынанын чама-чаркы жетпейт.

"Быйыл пандемияга байланыштуу февраль-май айларында куткаруучуларды окуткан жокпуз. Июндан тарта окутууну күчөттүк. Каалоочулар биздин сайтка кирип, керектүү документтер тизмесин толуктап келип окуса болот. Курстун жыйынтыгында суучул-куткаруучу деген сертификатка ээ болуп иштей алат. Учурда республика боюнча 118 куткаруучу бар. Алардын борбор калаадагыларында көйгөй жок, бирок аймактагы кесиптештерибиз жабдуулардын жетишсиздиги, суук аба ырайында же өтө муздак сууга түшкөндө денени кургак кармоочу кийимдердин тартыштыгынан кыйналып келишет. Бюджеттен бөлүнгөн каражат менен бул көйгөйлөрдү дароо чечип салуу мүмкүн болбогондуктан бейөкмөт уюмдар, гранттардын эсебинен алган учурлар кездешет. Эгер куткаруучуларга кол сунуп көмөк көрсөтүүнү каалаган меценаттар чыкса, түз эле аталган кызматка кайрылса болот", — деди Шамырканов.

Куткаруучу ата-энелерди сууга түшүүдө балдарга сак болууга чакырды.