"Бавария" "Лионду" утуп, Чемпиондор лигасынын финалына чыкты

Лиссабондо өткөн беттеште немецтик команданын чабуулчулары Серж Гнабри (эки гол) менен Роберт Левандовски киргизген голдор беттештин тагдырын чечти.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Германиялык "Бавария" жарым финалда франциялык "Лион" клубун 3:0 эсебинде утуп, Чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында айтылат.

Лиссабондо өткөн беттеште немецтик команданын чабуулчулары Серж Гнабри (эки гол) менен Роберт Левандовски киргизген голдор беттештин тагдырын чечти.

Чечүүчү оюнда "Бавария" тарыхта алгачкы жолу финалга чыккан франциялык "Пари Сен-Жермен" клубу менен кездешет. 2019/2020-жылдагы Чемпиондор лигасынын кубогу үчүн беттеш 23-августта Лиссабондо өтөт.

Рональд Куман "Барселонага" кайра келди. Бул сапар машыктыруучу катары

УЕФАнын Чемпиондор кубогу жана Чемпиондор лигасы мелдешинин 65 жылдык тарыхында франциялык жана германиялык командалардын мөрөй талашкан экинчи финалы болот.

Бул эки өлкөнүн командаларынын биринчи финалында 1976-жылы "Бавария" менен "Сент-Этьен" кездешип, немецтик клуб 1:0 эсебинде утуп, чемпион болгон.