Спорт агенттиги журналисттерге төш белги жана Ардак грамота ыйгарды. Сүрөт

Агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов медиа өкүлдөрүнүн кесипкөйлүгүн белгилеп, калк арасында дени сак жашоо образын пропагандалаганы үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги бул тармак тууралуу жазган бир нече журналистке сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме

Спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов спорттук иш-чараларды чагылдырууда медиа өкүлдөрүнүн кесипкөйлүгүн белгилеп, калк арасында дени сак жашоо образын пропагандалаганы үчүн ыраазычылык билдирген.

"Дене тарбия жана спорттун мыктысы" төш белгиси жети кишиге ыйгарылган:

  • Вячеслав Аникин — "Вечерний Бишкек" гезити;
  • Иван Марченко — 24.kg маалымат агенттиги;
  • Бакыт Шүкүралиев — Sportakipress маалымат агенттиги ;
  • Гулиза Авазова — Barometr.kg маалымат агенттиги;
  • Ксения Толканева — Sport.kg маалымат агенттиги;
  • Александр Шепеленко — "Слово Кыргызстана" гезити;
  • Маматкадыр Маматалиев — Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы.
  • Ардак грамота алгандар:
  • Гүлдана Талантбекова — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу;
  • Гүлжан Турдубаева — "Азаттык" радиосу ;
  • Жанара Эсенова — СТВ телеканалы;
  • "Стимул" долбоору — КТРК Спорт.