Ош мэриясы жолдорду жууп, тазалоочу атайын техника сатып алды. Сүрөттөр

Шаар башчысы автоунаалардын ачкычтарын "Ош-Тазалыктын" айдоочуларына тапшырып, андан соң өзү айдап көрүп сындан өткөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ош шаарында жолдорду жууп, тазалай турган төрт атайын техника жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып, пайдаланууга берилди. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 18-августта, техниканы тапшыруу аземине мэр Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын жетекчилери, "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышкан.

Шаар башчысы автоунаалардын ачкычтарын "Ош-Тазалыктын" айдоочуларына тапшырып, андан соң өзү айдап көрүп сындан өткөргөнү айтылат.

"Бир эле мезгилде жолду өзү шыпырып, жууп кете турган техникаларды алып келдик. Андан тышкары, кыш мезгилинде кар күрөп, кум-туз чача турган дагы өзгөчөлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө "Ош-Тазалык" ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Андыктан муктаждыктарын толуктоо жана жаңылоо мезгилдин талабы", — деп айткан Сарыбашов.

COVID: Ошто медициналык таштандылар үчүн контейнерлер орнотулду

Ошондой эле Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде 10 миллион евро (жарымы грант, жарымы кредит) бөлүнгөнү айтылат. Ага таштанды ташуучу автоунааларды жана таштанды таштоочу контейнерлерди алуу пландалган. Аны менен бирге долбоордун алкагында жаңы санитардык полигон курулуп, контейнерлер жайгашкан жерлер жана ишкананын гаражы оңдолору айтылат.