Кыргызстанда тартылган Индия тасмасы Netflix сервисинде көрсөтүлөт

Тасма 2017-жылы Бишкекте, Ош облусунда жана Токмок шаарынын аймагында тартылган. Гириш Малик режиссерлук кылган долбоордун бюджети 4 миллион доллар болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Индиянын 2017-жылы Кыргызстанда тартылган Torbaaz тасмасы Netflix сервисинде көрсөтүлөрүн The Hindustan Times жазды. 

Тасмада жанкечтилерди даярдай турган согуш талаасынан афган балдарын куткарган бейөкмөт уюмдун кызматкери тууралуу баяндалат. Тасма 2017-жылы Бишкекте, Ош облусунда жана Токмок шаарынын аймагында тартылган. Ага Болливуд жылдыздары Санджай Датт жана Наргис Факхри менен кошо кыргызстандыктар катышкан. Гириш Малик режиссерлук кылган долбоордун бюджети 4 миллион доллар болгон.

Маалымат булагы билдиргендей, Torbaaz фильми Индияда мыкты 17 тасманын катарына киргизилген, жыл аягына чейин ал Netflix аянтчасында көрсөтүлөт. Аталган уюм ал тасманы өз платформасында көрсөтүү укугун сатып алган.

Кыргызстандыктар тартылган "Мулан" тасмасы сентябрда онлайн көрсөтүлөт

Ал арада тасманын башкы ролдорун жараткан Болливуд жылдыздары Санджай Датт жана Наргис Факхри фильмдин алгачкы кадрларын өзүлөрүнүн Twitter баракчасына жүктөшкөн. 

​"Адам жеке өзү кайгыны баштан кечирди, бирок качкындар лагериндеги балдарды куткаруу үчүн чыйралат", — деп жазган актерлор.

Тасманын кадрларынын биринде Санджай Датт балдар менен ойнойт, дагы биринде аткаруучулардын чөлдө маектешкен жери бар.

​Режиссерлор 4 миллион долларлык бюджети бар тасманы кантип тартканы, Афганистан айылындагы эпизодду Кыргызстанда кандайча жарата алганы тууралуу маектен окусаңыз болот