Радио

Естебесова: COVID-19дан айыккандан кийин деле суюктукту көп ичүү керек

Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова коронавирус пневмониясы бардык органдарды жабыркатарын айтты.
Sputnik
Естебесова: COVID-19дан айыккандан кийин деле суюктукту көп ичүү керек

Коронавируска адам чалдыкканда негизинен анын каны жабыркайт. Кандагы кызыл клеткалар бири-бирине жабышып, натыйжасында кан коюуланат. Коюу канды айланта албай күч келип, майда кан тамырларда тромб пайда болуп, жарылып кетүү коркунучу жаралат. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өпкөнүн кан тамырларына уюган кан тыгылып, ал компьютердик томографиядан пневмония сыяктуу көрүнөт. Бирок бул кадимки бактериялык пневмония эмес.

Акыркы эки күндө Ысык-Көлдө COVID 4 кишинин өмүрүн алган. Штаб эмнеге аны айткан жок?

"Коронавирус инфекциясынын жана андан пайда болгон пневмониянын кооптуулугу — канды коюулантып жибергенинде. Адамдын организми үчүн эң маанилүү болгон кан коюуланганда башка бардык органдар жабыркайт. Өпкөдөгү кан тамырларда кан уюп, ал пневмония болуп көрүнүп жатат. Бул эки башка белгилерди берген ооруну бир илдет дегенибиздин себеби да ушул. Экөөндө тең вирустан улам кан жабыркап жатат. Андыктан коронавирус же азыркы вирустук пневмония болуп айыккан бейтаптар дароо эле мурдагы жашоосуна түшпөй саламаттыгына аяр мамиле кылуусу керек. Сыркоолоп жаткан кезиндей эле суюктукту көп ичип, жеңил тамактарды жеп, маалы менен уктап жана көнүгүүлөрдү жасап туруусу зарыл", — деди Естебесова.

Дарыгер коронавирус менен ооруп айыккандар канды суюлтууда цитрус мөмөлөрүн колдонуп, таблетка түрүндөгү витаминдерди жана белокту күнүмдүк рационуна кошушу зарылдыгын эскертти.