Отуруп иштөөнүн зыянын азайтуунун бир нече ыкмасы айтылды

Мындагы негизги көйгөй - буттарга кандын жакшы жетпей калышы. Акыры бул көп каражат жумшала турган дарылоону талап кылышы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Адамдын физиологиясы үчүн бир нече саат бою отуруп иштөө өтө зыян. Анын ден соолукка тийгизген кесепетин азайтуу үчүн жарым саатта бир жеңил-желпи көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Бул тууралуу кардиолог Владимир Хорошев Sputnik радиосуна курган маегинде айтып, бир нече вариантты сунуштаган.

Дарыгердин айтымында, бүгүнкү күндө иштегендердин басымдуу бөлүгү бир күн бою отурган калыбында эмгектенүүгө аргасыз. Бул катмарга кеңсе кызматкерлери, айдоочулар кирет.

Үйдө отуруп иштөөнүн күнгөйү менен тескейи айтылды

"Отуруп иштөө адамдын ден соолугу үчүн зыян. Киши туруп турганда же жатканда кан тамырлары түз болуп турат. Отурары менен формасы кууш тартып, бутка келген кандын көлөмү кескин азаят. Бул өтө жаман нерсе. Кандын жайлашы артериядагы атеросклероздук өзгөрүүлөрдү шарттап, кесепети оор болот. Андан дарылануу көп чыгымды талап кылат", — деди Хорошев.

Отуруп иштөөнүн зыянын азайтуу үчүн жумуш ордун ыңгайлуу кылып алуу керек. Мындан тышкары, ар бир жарым саат же бир саат сайын анча оор эмес көнүгүүлөрдү жасап туруу зарыл. Такыр болбоду дегенде туруп, ары-бери басып койсо деле жарайт.

Дагы бир ыкмасы — туруп иштөөгө өтүү. Кардиолог буга иш столунун жанында дайым конторка турган жазуучуларды мисал келтирди.