Ош облусуна жаңы жетекчи дайындалды. Эртең жамаатка тааныштырылат

Ушул жылдын 10-августунан баштап облустун мурдагы башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматынан кеткенден кийин анын милдетин убактылуу Юсупов аткарып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Юсупов эмгек жамаатына расмий түрдө эртең, 17-августта, тааныштырылары айтылды.

Ал буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ушул жылдын 10-августунан баштап облустун мурдагы башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматынан кеткенден кийин анын милдетин убактылуу аткарып жаткан.