Мигранттар ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн биринде иштесе, жергиликтүү жарандар менен бирдей пенсия алат. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү документти кабыл алуу боюнча иштер 2015-жылдан бери жүргүзүлүүдө.
Түркиядагы кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пул ала башташат. Күчүнө кирген документ
"ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде ар башка пенсиялык система иштейт. Муну бирдей нормага алып келүү боюнча иштер төрт жылдан ашык убакытка созулду. 2019-жылдын 20-декабрында беш мамлекеттин президенттери негизги келишимге кол коюп, ар бир мамлекеттин парламентине ратификациядан өтүү үчүн жиберилген. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аталган документти ратификациялаган. Дагы эки мамлекетте бул процесс жүрүп жатат. Бул келишим ишке кирсе, ЕАЭБдин аймагында иштеп жүргөн мигранттардын пенсиялык камсыздоосу туруктуу жашап жүргөн жарандар менен бирдей болот. Башкача айтканда, мигрант иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзсө, жергиликтүү тургундардай эле пенсия алат", — деди Мукамбетов.
Ошондой эле ал көмүскө иш алып баргандарга бул келишим иштебей турганын кошумчалады.