БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Американын президенти Дональд Трамп 72 жаштагы бир тууган иниси Роберт Трамп каза болгону туурасында кабарлаганын РИА Новости жазды.
Ал оор абалда Нью-Йорктогу ооруканалардын бирине жаткырылган. АКШ лидери жума күнү анын ден соолугун сураганы барганы айтылат.
"Терең кайгыруу менен бүгүн кечинде иним Роберт дүйнө салганын жазып отурам. Ал менин иним эле эмес, эң жакын досум болчу. Биз аны эми өтө сагынабыз, бирок кайрадан жолугушуу учуру келет. Анын элеси менин жүрөгүмдө түбөлүккө сакталат. Роберт, мен сени жакшы көрөм. Жаткан жериң жайлуу болсун", — деп жазган Трамп.
Роберт Трамп туурасында июль айында Америка жаңылыктарында маалымат пайда болгон. Анын жакын тууганы Мэри Трамптын азыркы президент тууралуу чыгармасын басмага берүүсүн токтотууга аракет кылганы айтылган. Мэри Трамп китебинде Дональд 1981-жылы өлүм алдында жаткан атасы Фреддин абалын сурап келбей койгон учурун да жазган.