Жээнбеков: татаал мезгилде өлкөлөр ортосундагы мамиле чыңдалды

Өлкө башчы Россиядан келген медиктердин ишине токтолуп, абдан жакшы колдоо болгонун белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ушул татаал мезгилде өнөктөш өлкөлөр менен бири-бирибизди колдоо, жардам берүү күчөдү десем болот. Жалпы эле адамзат сыяктуу мына ушундай татаал мезгилде өлкөлөр ортосундагы гуманитардык мамилелер чыңдалды десем жаңылышпайм. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек куруп жатып айтты.

Мамлекет жетекчиси өз сөзүндө Кыргызстан алыскы, жакынкы өнөктөш мамлекеттердин, коңшу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын чоң колдоосун сезгенин белгиледи.

"Россиядан келген медиктер биздин дарыгерлерибиз менен эриш-аркак иштешти. Бул абдан жакшы колдоо болду. Covid-19 илдети менен күрөш башталган алгачкы күндөн тартып Россиянын, президент Владимир Путиндин жеке колдоосу чоң болду", — деди Жээнбеков.

Ал аталган өлкө коронавируска каршы алгачкы вакцинаны каттоодон өткөргөнүн белгилеп, бул вирус менен күрөшүүдөгү абдан чоң бурулуш экенине токтолду.

Жээнбеков: бирөөнү суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин

"Ушул окуя менен биздин стратегиялык өнөктөш, союздаш өлкө Россия Федерациясын чын дилимден өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан куттуктайм. Ийгиликтүү болуп, дүйнө эли бул илдеттен арылабыз деп үмүт артып турабыз", — деди президент.

Эскерте кетсек, 11-август күнү Владимир Путин Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы чыгарылган вакцина каттоодон өткөнүн, ага "Спутник V" деген аталыш ыйгарылганын жар салган болчу.