Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды

Быйыл Кыргызстанда оң тенденция байкалган тармактардын бири — айыл чарбасы. Жыл башынан бери өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулап, өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Июль айынын аягындагы маалымат боюнча, өлкөдө 238,5 миң гектардан дан өсүмдүктөрү жыйналып бүттү (буга буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка кошулган жок). Бул 2019-жылдын ушул мезгилине караганда 11,2 пайызга көп", — деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн жылдын ушул учуру менен салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы 11 пайызга, буудай 7 пайызга, картошка 4,5 пайызга, мөмө-жемиштер 3,9 пайызга жана жашылча өсүмдүктөрү 2,2 пайызга көбүрөөк жыйналган.

Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын көлөмү өстү

Эске салсак, быйыл Кыргызстанда оң тенденция байкалган тармактардын бири — айыл чарбасы. Жыл башынан бери өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

Ал эми экономиканын артка кеткен тармактары тууралуу Sputnik Кыргызстандын башка материалынан окуп билсеңиз болот.