Жатып калган кишини мыкаачылык менен сабады делген киши кармалды

Кечээ социалдык тармактарда бир адам эси-учу жок жаткан кишини ур-тепкиге алып, кийин автоунаага түшүп кетип калган видео тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкекте эркек кишини сабап салды деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.

Окуя кечээ саат 18:40та Кайыңды жаңы конушунда болгон. 102 кызматына белгисиз жаран бир кишини сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Көп өтпөй социалдык тармактарда бирөө эс-учу жок жаткан кишини ур-тепкиге алып, кийин автоунаага түшүп кетип калган видео тараган.

Милициянын маалыматына караганда, сабалган адам тирүү. Ошондой эле ал кол салган кишинин автосун айдай качкан деп шектелүүдө.

Насыя үчүн аялын өлтүрө сабаган зөөкүр. Июлдагы соттук чечимдер

"Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1986-жылы туулган жаран кармалып, Свердлов районунун тергөө кызматына өткөрүп берилди", — деди Айтикул уулу.

Аталган факт Жазык кодексинин 139-беренесине ("Ден соолукка оор залака тийгизүү") ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.