Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын көлөмү өстү

Июнь айында былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 86 миллион долларга көбүрөөк акча которулду. Жыл башынан бери бардыгы 970 миллион доллардай акча чет мамлекеттерден жиберилди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ушул жылдын июнь айында мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы 277,9 миллион долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти.

Кеп жеке тараптар атайын системалар аркылуу которгон каражат тууралуу болуп жатат.

Белгилей кетсек, мигранттар былтыркы жылдын ушул учурунда мекенине 191,6 миллион доллар жөнөтүшкөн.

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

277,9 миллион доллар 2018-жылдын август айынан бери бир айлык өлчөм менен алганда эң чоң көрсөткүч. Бирок жалпы жыл башынан берки сумма өткөн жылдагыдан азыраак. Мисалы, 2020-жылдын алты айында Кыргызстанга сыртта иштеп жүргөн жарандардан 977,3 миллион доллар келсе, былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 126,4 миллионго жеткен.