Айга жеткен КР илимпоздору. 77 жыл толгон Илимдер академиясы жөнүндө 7 факты

Мындан 77 жыл мурун Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында СССРдин Илимдер академиясынын филиалы ачылып, Ала-Тоо жергесинде бир катар илимдерге жол салынган.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз интеллигенциясын таптап, узак жолду басып өткөн мекеме жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Фронтко кол сунган окумуштуулар. Улуу Ата Мекендик согуш жүрүп жаткан 1943-жылы СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы Фрунзе шаарында ачылган. Мекеме Советтер Союзунун эвакуацияланган Илимдер академиясынын биологиялык бөлүмүнүн негизинде уюшулуп, анын алгачкы жетекчиси академик Константин Скрябин болгон. Илимий жайдын кызматкерлери фронттогуларга жардам кылып Кыргыз ССРинин айыл чарба, экономикасына жол көрсөтүп, геология, биология, химия, тил жана адабият институттары өз ишин баштаган. Алсак, советтик армияга темир керек болуп, геологдор аны Тянь-Шань тоолорунан таап, айыл чарба багытына да өзгөчө көңүл бурулган. Муну менен алар жеңишке жетүүгө түзмө-түз жардамчы болушкан десек болот. 

Айга жеткен КР илимпоздору. 77 жыл толгон Илимдер академиясы жөнүндө 7 факты

Эриш-аркак кеткен илим менен өндүрүш. 1954-жылы Кыргызстандагы эң негизги илимий жай өз алдынча академия болуп, жетекчилигине хирург Иса Ахунбаев дайындалган. Ошондон баштап башка союздук республикаларда билим алып, иштеп жүргөн кыргыз илимпоздору кубануу менен Фрунзеге кайтып келе башташкан. Себеби алар көп жылдан бери өз жеринде илимий ачылыш жасап, изилдөөлөрдү жүргүзүүнү эңсеп келген. Академияда кошумча тарых, медицина, энергия жана суу ресурстарын башкаруу, зоология жана паразитология институттары ачылган. Ошентип Кыргызстан окумуштуулардын табигый лабораториясына айланып, топурак, чөп, гүл, балыктан тарта ири дарыя, мөңгүгө чейин изилдеп, элдик чарбанын өнүгүүсүнө жардам берет. Экспедициялар уюштурулуп, түрдүү станциялар курулуп илимпоздор азыркы Кыргызстандын кокту-колот, тоо-ташын, аска-зоолорун аралап, кыргыз жериндеги кен байлыктарды геологдор, дары чөптөрүн фармакологдор изилдейт. 

Айга жеткен КР илимпоздору. 77 жыл толгон Илимдер академиясы жөнүндө 7 факты

Илимпоздорго таянган республика. Өткөн кылымдын 60-70-80-жылдары окумуштуулардын кадыр-баркы, зоболосу бийиктеп, аларсыз иш алдыга жылбаган заман болгон. Ар бир министрлик өзүнүн чоң долбоорун, курулушун же жаңы өндүрүш жайын академик, профессорлордун бүтүмүсүз, корутундусуз иш баштай алчу эмес деп эскерет окумуштуулар.

Илимпозу унтулуп, жабдуулары эскирип, илим байкуш кантти экен... Инфографика

Кыргыз каймактарын таптаган... Фрунзедеги Илимдер академиясынын 18 илимий-изилдөө институту бири-бири менен тыгыз байланышып, башка союздук же чет элдик илимий мекемелер менен да алака түзүлгөн. Алсак, 1972-жылы республика аймагында 60тан ашык илимий жай иштеп, анда алты миңден ашык кызматкер эмгектенген. Илимий кызматкерлер коомдун каймагы катары эсептелип, аларга жогору айлык төлөнчү. Салыштыруу иретинде айтканда, академия жетекчиси Кыргыз ССРинин биринчи катчысы же өкмөт башчысына караганда көп айлык алчу. 

Айга жеткен КР илимпоздору. 77 жыл толгон Илимдер академиясы жөнүндө 7 факты

Айга чейин жеткен кыргыз илими. Союз тараганга чейин кыргызстандык окумуштуулар бир топ ачылыштарды жасап, дүйнөлүк деңгээлде тааныла алышкан. Мисалы, академик Олег Алимов "Луна-24" космостук станциясы үчүн бургулоо орнотмосун иштеп чыгып, анын жардамы менен Айдан топурак алынган. Мындан сырткары, түрдүү өндүрүштүк техника, технология, вакциналарды ата мекендик илимпоздор чыгарган. Алардын айрымдары азыркыга чейин ар кыл тармактарда колдонулуп келүүдө.

Эгемендүүлүктө эңшерилген илим. Кыргызстан көз карандысыздык алган жылдары башка тармактар сыяктуу эле илим жааты дагы каралбай калган. Кезинде толгон-токой изилдөө иштерин жүргүзүп, дүкүлдөп иштеп турган илимий институттар каржынын жоктугунан ээнсиреп, айрым институттар таланып-тонолгон. Азыркы маалда Улуттук илимдер академиясына жыл сайын 500 миллион сомдой акча жумшалып, 4 400гө жакын адам эмгектенет. Президенти — Мурат Жуматаев. Ошол эле маалда аталган мекеменин ишмердүүлүгүнө карата түрдүү сын-пикирлер айтылып келет. 

Айга жеткен КР илимпоздору. 77 жыл толгон Илимдер академиясы жөнүндө 7 факты

60 жылда чогулган миллиондон ашуун китеп. Улуттук илимдер академиясында 1960-жылы илимий китепкана түзүлгөн. Учурда ал жакта 1,5 миллиондон ашык түрдүү адабият бар.

Маалыматтар ачык булактардан жана окумуштуулардын алынды.