Ленин чокусу СССРден берки таштандыдан арылып жатат. Сүрөт

Тоонун бийиктигин эске алуу менен таштандыдан тазалоо иши бир гана кесипкөй альпинисттердин катышуусунда ишке ашып жатканы белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Учурда Ленин чокусун таштандыдан арылтуу боюнча акция жүрүп жатат. 8-августта башталган иш 25-августта жыйынтыктала турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирмеде 2018-2019-жылдары КРдин альпинисттик клубу жана Нэпиер Эдинбург университети (UK) изилдөө жүргүзүп, Ленин чокусунда экологиялык кырдаал оор деп бааланганы айтылат.

"Альпинисттик туризмдин натыйжасында Ленин чокусунда совет мезгилинен бери абдан көп таштанды чогулган. Тоо бийик болгондуктан (3600-6300 метр) аны тазалоо бир гана кесипкөй альпинисттердин катышуусунда ишке ашып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Акция Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан демилгеленип, Швейцария өкмөтүнүн, Евросоюз, Хельветас Кыргызстан, "Ага Хан" фонду жана ПРООНдун финансылык колдоосу менен өтүүдө.

Үч өлкөнүн аскердик альпинисттери Ленин чокусун багындырышты. Сүрөт

Донорлор тарабынан иш-чарага 17 620 АКШ доллары бөлүнгөн. Бул каражат альпинист-гиддерди тамактандырууга, жатаканасына жана алардын кызмат акысын төлөөгө, чогултулган таштандыны Ленин чокусунан Дароот-Коргон айылындагы таштанды полигонуна чыгарууга, ошондой эле бет кап, кол кап жана башка керектүү жабдыктарга жумшалат.

Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстандын арасындагы Чоң Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Бийиктиги 7 134 метрди түзөт. Бул чоку 1934-жылы багындырылган.