Жээнбеков: аймактарда ооруканалар эски, аны оңдоодо каржылоо маселеси жаралбасын

Мамлекет башчы дарыгерлердин эмгек акылары жана кошумча төлөмдөрү өз убагында берилиши керектигин  белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен онлайн-кеңешме өткөрүп, аймактардагы ооруканалардын оңдоп-түзөө  иштерин каржылоо маселесине токтолду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, онлайн-кеңешмеде республикалык бюджеттин аткарылышынын азыркы абалы талкууланып, оңдолуп жаткан ооруканаларды каржылоо маселеси да козголгон.

"Аймактарды кыдырып чыктым. Көптөгөн ооруканалар ар кандай жалган реформалардан улам жабылып, койко-орундардын саны кыскарып кеткен. Медицина мекемелеринин имараттары абдан эскирген. Азыр алар капиталдык түрдө оңдоло баштады. Бул ооруканаларды  кыска убакыттын ичинде куруп кышка чейин пайдаланууга бериш керек. Ошондуктан бул иштерди  каржылоодо маселе жаралбасын", — деди Жээнбеков.

Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат

Өлкө башчы дарыгерлердин эмгек акылары жана кошумча төлөмдөрү өз убагында берилиши керектигин да белгилеген.