Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги

Sputnik

Биз шаардагы эң чоң граффитилерди издеп көрдүк. Doxa сүрөткерлер тобунунун катышуучусу Дмитрий Петровский бизге кеңешчи болду. Бишкектиктерге жаккан бул эмгектердин тарыхы Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянында.

1 / 8
"Айгүл", Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. "Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз", — дейт Петровский.
2 / 8
Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
3 / 8
"Бурулай Турдалы кызы", Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
4 / 8
"Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан", Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
5 / 8
"Жазуучу Чыңгыз Айматов". Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
6 / 8
"Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз", Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
7 / 8
"Шатыда турган бала", Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. "Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат", — дейт сүрөтчү.
8 / 8
Семен Чуйковдун "Кыргызстан гүлдөрү" сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.