БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин "Россия 1" телеканалына маек берип жатып, коронавирустан улам киргизилген чектөө чаралары борбор калаада канчага чейин созуларын божомолдогонун РИА Новости жазды.
"Коргонуу чаралары тууралуу унутпашыбыз керек. Аны ар дайым аткарып турууну эскертебиз. Бирок метродо жарымы бет капчан, жарымы бет кабы жок отурганын элестетип көргүлө. Мындай болбошу керек. Биз аны же толук аткарышыбыз шарт, же бардык чектөөлөрдү алып салышыбыз зарыл. Чектөө чаралары бир жумага же балким бир айга чейин күчүндө болот", — деди Собянин.
Миңдеген кыргызстандыктар Россия менен каттамдын ачылышын күтүп жатат
COVID-19 пандемиясынан улам шаарга киргизилген чектөө чаралары жай мезгили башталгандан тартып акырындык менен алынып жатат.
Эскерте кетсек, Москвада көчөдө сөзсүз түрдө бет кап тагынуу, кол кап кийүү талаптары жоюлган. Бирок поезд, метро, дүкөндөрдү кыдырганда коргонуучу каражаттар сөзсүз болушу керек.