БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кечээ, бүгүн Россиянын Оренбург облусундагы мекенине келүү үчүн аталган жерге топтолуп калган кыргызстандыктар 43 автобус менен Казакстан аркылуу жолго чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"20 автобустан турган биринчи колонна 4-август күнү кечинде сапар алды. Анда 1101 жаран бар. Экинчи колонна 5-августта жолго чыкты. Анда 23 автобуста 1356 кыргызстандык келе жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Москвада КР жарандарынан акча алып, мекенге жиберүүгө аракет кылгандар аныкталды
Бул үчүн Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосу коңшу Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандарды анын аймагы аркылуу алып өтүү үчүн транзиттик коридор ачтырган.
Учурда бардык автобустар Казакстандын аймагында.
Буга чейин ЖМКлар Оренбург, Самара облустарындагы Россия-казак чек арасынын аймагына топтолгон 3,5 миңден ашык Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары мекенине жөнөтүлгөнү жатканын жазышкан.